www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү SPA агенттиги билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Сирия менен Йемендеги абалды, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.
Путин Сауд Арабияга 14-октябрда барды. Кремлдин маалыматына караганда, сапардын алкагында Путин мунай боюнча келишимге кол коюуга жана Орусияга инвестиция тартууга аракет кылат. Батыш ЖМКлары белгилегендей, Москва экономикалык санкциялардан улам ички дүң өнүмүн 3% көтөрүү дымагын ишке ашыра албай калган.
Эр-Риядга сапары алдында Путин Al Arabiya, Sky News Arabia жана RT Arabic телеканалдарына интервью берип, Саудиянын падышасы жана канзаадасы менен жакшы мамиледе экенин билдирген.
Путиндин Бириккен Араб Эмираттарына сапары 15-октябрга белгиленген.
Булак: NazarNews.kg