www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында өспүрүм кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун 1983-жылы туулган М.Г. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 14-июнда саат 02:00 чамасында 2007-жылы туулган жашы жете элек кызын чала тааныш жигит зордуктаганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган.

"Милиция 2014-жылдан бери аталган айылдагы балдар үйүнүн тарбиялануучусун суракка алган.13-июнь күнү саат 1:00дөр чамасында анын ата-энеси менен кошуна жашаган чала тааныш жигит досу менен балдар үйүнө келип, кыз курбусу менен терезеден качып, алар менен жолугушкан. Андан соң аталган жигит кыз менен жалгыз калгандан пайдаланып, жашы жете элек кызды мас абалында зордуктаган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмышка шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган У.Т. аттуу жаран кармалып, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

24 жаштагы шектүү табылып, кармалган. Зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости