www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Abrams танктарын Украинага жыл этегинде же кийинки жылдын башында гана жөнөтө алат. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазды. Макаланын котормосун РИА Новости жарыялады.

Басылманын маалыматында Кошмо Штаттар беребиз деп жар салган 31 танкын эми жасай баштаары айтылат.

"Техника атайын Украина үчүн байытылбаган урандан жасалат. Сооттолбогон танктар ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында жеткирилет", — деп жазылат макалада.

РФ ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Рябков Киевге курал жеткирүү боюнча оюндун кесепетин оюнчулар тартаарын билдирип, АКШ башкы дирижер гана эмес, негизги пайда көрүүчү экенин кошумчалаган.

Ак үй Abrams танктарын Киевге жеткирүү бир нече айды талап кыларын эскерткен. Пентагондун маалымат катчысынын орун басары Сабрина Сингх Украина Куралдуу күчтөрү Abrams танктарын тейлөөдө кыйналып каларын мойнуна алган.

Эскерте кетсек, 25-январь күнү Германия өкмөтү Украинага Leopard 2 танктарын берүүнү чечкенин жар салды. Анын артынан Испания, Финляндия, Португалия, Нидерланддар жана Норвегия техника берүү пландарын айтышкан. Ошол эле учурда АКШ президенти Жо Байден да M1 Abrams танкынан 31ди берүүнү билдирген болчу.

Кремль мындай чечимдерди НАТО мамлекеттеринин Россияга каршы жаңжалга катышуусу катары кабыл аларын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости