www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ элчилиги 30-январда өз жарандарына Стамбулдун борборундагы террордук чабуулдар коркунучу тууралуу эскертти, деп айтылат РИА Новостиге келген дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

АКШ элчилиги террордук чабуулдардын бутасы чиркөөлөр, синагогалар, Стамбулдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр же чет элдиктер арасында популярдуу болгон башка жерлер болушу мүмкүн деп эскертет.

Элчиликте белгиленгендей кооптуу жерлердин катарына Стамбулдун Бейоглу райондору, Галата, Таксим, Истиклал көчөсү кирет.

Дипломаттар элден оолак болууну, басма сөздөгү кабарларды көзөмөлдөөнү жана айланасына көңүл бурууну сунуштады.

Эскерте кетсек, 7-январда түрк полициясы "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобунун мүчөсү делген эки кишини кармаган. Алардын Стамбулда жаңы жыл түнү теракт даярдап жатканы белгилүү болгон.

Ошондой эле, 3-январда Стамбулда Түркиядагы туристтерге жана туристтик жайларга кол салууларды даярдап жүргөн чет элдик жаран кармалган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын аягында Стамбулда ири теракт болгон. Ноябрда туристтер арасында популярдуу болгон Истиклал көчөсүндө жарылуу болгон. Каргашанын кесепетинен алты адам каза болуп, дагы 81и жарадар болгон. Андан соң терактка тиешеси бар деп шектелген 50 адам кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости