www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда акыркы үч аптада аномалдуу суук аба ырайы жана калың кардын айынан 170 адам жан берди. Бул тууралуу кытайлык "Синьхуа" маалымат агенттиги аталган өлкөнүн табигый кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык иштер министрлигине таянуу менен билдирди.

"Жалпысынан 170 адам, анын ичинде 50 жаш бала каза болду. Ошондой эле 30 адам суук аба ырайынан жапа чекти", - деп билдирди министрликтин басма сөз катчысы Шафиулла Рахими. агентствого билдирди.

Каза болгондордун көбү үйүн отун же көмүр менен жылытууга мүмкүнчүлүгү жок элет тургундары. Андан сырткары, 150дөн ашык турак жай толугу менен кыйрап же жарым-жартылай бузулуп, 80 миңге жакын мал, анын ичинде уй, кой, эчки өлгөн.

Афганистан мындай аба ырайына ыңгайлашпаганын, андыктан өлкө ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн экени күтүлүүдө.

Афганистанда үстүбүздөгү жылдын январь айынын башынан бери аномалдуу суук аба ырайы байкалып, өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы -30 градуска чейин төмөндөгөнү маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости