www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

WhatsApp аркылуу токол алуу - жомок эмес!

Сауд Аравиянын дин кызматчылары эркектерге экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял таап берүүгө көмөк көрсөтүүнү чечип, WhatsAppта атайын группа ачышты.

«Полигамия» аттуу группаны 8 сауддук жаран негиздеп, падышачылыктын эркектерин 4-кө чейин аял алууга үндөп жатышат.

Болочок жубайларды издей турган сервис акы төлөөнү талап кылбайт. IslamNews маалыматы боюнча, бул кызматка минден ашуун айымдар кайрылган, көбүнчө жесир аялдар жана жашы өтүп, бирок күйөөгө тие элек кыздар.

Потенциалдуу колуктулардын арасында Пакистан, Бангладеш, Сирия, Нигерия, Марокко, Йемен жана Палестиналык айымдар бар. Талапкерлерлер бирөөнүн  экинчи, үчүнчү же тоөтүнчү аялы болууга каршы эмес. Себеби ислам өлкөлөрүнүн айымдары үчүн жалгыз калуу  -  жашоодогу эң коркунучтуу нерсе.   

Сөз болуп жаткан группанын маалыматы боюнча, кайрылган айымдардын жашы 18ден 55 жашка чейин, бою 140- 170 см, салмагы 45тен 98 килограммга чейин.

Булак "kundemi.kg"

Последние новости