www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында гана Улуттук Банктын демилгеси менен "Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы" жана "Улуттук акча бирдигибиз сомдун 25 жылдыгына" карата 2 000 (эки миң) сом наминалындагы акча басылып чыкты. Бул акча бирдиги башкаларынан өзгөчө жасалгасы менен айырмаланат. Бирок банкноттун арткы жагын жакшылап көз жүгүртүп байкаган адамга, тартылган тоодон, адамдын сүрөттөлүшүн көрүүгө болот. "Чын эле бул атайын жасалганбы же техникалык катачылыкпы?" - деген суроо жаралат.

Эске сала кетсек сом — Кыргыз Республикасынын акча бирдиги. 10-Май - Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом жүгүртүүгө чыгарылган күн. 1993-жылдын ушул күнү 1, 5, 20 сомдук жана 1, 10, 50 тыйындык кагаз акчалар колдонууга киргизилген. 25 жыл аралыгында улуттук банкноттордун катары 5000 сомго чейин жетип, айрымдары бир нече ирет жаӊыланган.

Ал эми алгачкы кагаз акчалар Кытайда 910-жылы пайда болгон. 1661-жылы Стокгольмдо кагаз акчаларды чыгаруу, жайылтуу башталган. Кыргызча акча, европача айтканда банкнот. Банкнот - англисче bank notе - банктык жазуу дегенден келип чыккан.

Өмүрбек Казакбаев, NazarNews.kg

Последние новости