www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ы” операциясын ким уюштурса да, ийгилик чыккан жок. Бирок курмандык болуп тарыхтын актай бетине жазылып калды. Атамбаев учурунда курал менен болсо да өзүмдү коргоп калам деп ызырынганы бар. Ал айтканын далилдеди, анткени Атамбаев тараптан атылган ок коопсуздук кызматкеринин өмүрүн алып кетти.
Бүгүнкү күнү жөнөкөй эл эмес атка минерлер да алдастап калышты. Кой-Ташта жатып алып Атамбаев бекер кыйкырбаптыр, бекер элге үгүт жүргүзбөптүр. Анткени, Кой-Ташта жатып алып, бекер тамак ичкендерден тышкары да калайык-калкка анын үнү жете баштаптыр. Кой-Ташта ызы-чуу башталганда маалымат булактары, интернет өчүрүлдү, жашыруундук ого бетер элдин кызыгуусун туудурат. Ошол үчүн шаардагы таксилерге түшүп Кой-Ташка агылгандар көбөйдү.Үрөй учурган нерсе үрөн себилген экен, эгер бул жерде чоң провокация болсо, эл чабышып кетиши да мүмкүн деңгээлине жетиптир.
Атамбаевдин куралынан атылган ок бир адамды алып кетти. Ким атты, кантип атты, кимдин куралы менен атты териштирүүго болбойбу? Абылгазиевдин алсыздыгы билинип эс алууда жүргөн Жээнбеков кайтып келди. Бул күрөштүн башталышыбы же аягыбы?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»