www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония кардан электр энергиясын өндүрмөкчү

Япониянын Хонсю аралынын түндүгүндөгү Аомори шаарында кардын эриши учурунда электр энергиясын өндүрүү боюнча эксперименталдык долбоор ишке кирди. Бул тууралуу «Киодо» агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, кар атайын изоляцияланган бассейнге чогултулуп, эриген суюктук турбинаны айдап, айланадагы абанын ысышынан бууланып кетет.

Бул долбоор жергиликтүү IT компаниясы жана Токио электр жана электроника инженерлери университети менен биргеликте иштелип чыккан.

Аомори Япониянын түндүк бөлүгүндө жайгашкан жана кышында кар көп жаайт. Анын кесепеттерин жоюуга жергиликтүү бийлик бир топ каражат сарптап жатат.

Эксперимент оң болуп чыкса, алар карды кайра иштетүүгө негизделген бүтүндөй жаңы өнөр жай түзүүгө үмүттөнүшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости