www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапония Украинага чопкутталган чыптамаларды жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, ок өткөрбөөчү кийим менен бирге башка кийүүчү аскердик каскалар, коргонуучу каражаттар да жиберилген.
Белгилей кетсек, жардам Жапониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнө (SDF) таандык KC-767 үлгүсүндөгү унаа учак менен жеткирилген.
Жапониянын Коргоо министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, даярдыктар аяктагандан кийин Украинага материалдык колдоо көрсөтүү улана турганы белгиленди. Кийинки этапта кийим-кече, тамак аш азыктары, дары-дармек жөнөтүлөөрү айтылды.
Украина менен Орусиянын ортосундагы кагылышуу 24-февралда башталган. Бүгүнкү күндө согуштун качан аяктаары бүдөмүк бойдон.
Булак: NazarNews.kg