www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев бүгүн, 21-февралда айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдиновго катуу сөгүш жарыялады.
Президенттик администрацияда коллегияда өттүдө. Анын жүрүшүндө президент жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов Самат Насирдинов 2023-жылы Японияда жалпысынан 81 күн иш сапарда болгонун билдирди.
«Анын иш сапары 2023-жылдын 14-августунан 2-декабрына чейин созулган. Бул узак иш сапар болду, бирок министрдин орун басары эч кандай отчет берген эмес. Бул иш сапардан оң натыйжа деле жок. Насирдиновго карата кандай чара көрүлдү? Ал кызматтан кетиши керек болчу, же болбосо натыйжа болбогондуктан иш сапардан баш тартышы керек эле», - деди Осмонов.
Ал билдиргендей, 2024-жылы Насирдинов 21 күн иш сапарда болгон, бирок анда дагы эч кандай натыйжа болгон эмес.
Насирдинов министрдин орун басары кызматын 2022-жылдын 19-декабрынан бери ээлеп келет.