www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияга кыш каарын салды

Эске салсак, Кытайда аба ырайынын төмөндөшү рекорддук деңгээлге жеткен.

Эми Япония да сезондун эң катуу суугу менен күрөшүүгө аргасыз. Өлкөдө поезддер жана унаалар токтоп турат. Кышкы бороон-чапкындан улам келип чыккан кыйынчылыктар да адамдардын өлүмүнө алып келүүдө. Бул тууралуу "Japan Today" басылмасы билдирди.

Япониянын айрым аймактарында рекорддук суук температура байкалганы белгиленди. Жапон деңизи менен Тынч океандын жээгиндеги бийик тоолуу аймактарга кар жаагандан кийин аба ырайы агенттиги элди деңиздерде жана муз тоңгон жолдордо этият болууга чакырды.

Ошондой эле Япониянын батышындагы Киото жана Шига префектураларында жергиликтүү поезд кызматтарын колдонгон миңдеген адамдар катуу сууктан улам вагондордо же станцияларда түнөөгө аргасыз болушкан.

Аба ырайынын начардыгынан Оита префектурасында бир, Окаяма префектурасында эки жана Ниигата префектурасында эки адам каза болгон.

Япониянын метеорологиялык агенттиги катаал аба ырайы 26-январга чейин созулаарын эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин Японияда жыгач жүктөлгөн кеме кышкы катуу шамалдан улам чөгүп кеткени кабарланган.

Алибек Бейжанов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости