www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылар өздөрүн ыктыярчы, активист катары тааныштырып, жеке кызыкчылыгы үчүн акча чогултууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирип, элди алардан сак болууга чакырды.

"Акча чогултуу үчүн шылуундар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүп, ал аз келгенсип, билдирүүлөрүнүн алдына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жарадар болгон жоокердин сүрөтүн бекитип коюшууда", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ жабыркагандарга акча которо турчу банктык реквизиттер расмий маалыматтарда гана болорун эскертти.

Белгилей кетсек, тажик тараптын кол салуусунан Кыргызстанда 62 адам каза болуп, 198 адам жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости