www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Алматы облусунун Акын Калка айылынын мугалими көзүнө жаш алып, өлкөнүн Билим жана илим министрине кайрылуу жасаган видео-тасмасын Radio Azattyq Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. 

Ал өз кайрылуусунда үйүндө интернет жоктугуна байланыштуу, дистанттык түрдө окуучуларды окуутуу кыйынга туруп жатканын айткан. Ошондой эле,  анын айтымында окуучуларга онлайн сабак берүү үчүн үйүнөн эки көчө аары жашаган сиңдисинин үйүнө ноутбугун көтөрүп барып, ошол жактан сабак берет.

“Кайыршы, кедей мамлекеттин кедей мугалимимин. Мындай мугалим алдыдагы баланы кандай тарбиялайт? Жаңы өсүп келе жаткан муунга улуттук рух, патриоттук сезим дегенди кантип үйрөтөт?”,-дейт көзүнө жаш алган мугалим.
Мындан сырткары, ал өзүнүн үйү жок экенин, батирде тураарын да кошумчалаган.

Бир күн өткөндөн кийин мугалим Казакстанды “кедей мамлекет” деп айтканы үчүн кечирим сурап, жергиликтүү бийлик интернет маселесин чечип берүүнү убадалашканын билдирди.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости