www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда короновирус илдетин алдын алууда, ошондой эле анын жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында облус аймагындагы ИИОнун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Баткен облусу коңшулаш Өзбек, Тажик республикалары менен чектешкендиктен чек ара аймактарында милиция кызматкерлери санитардык-карантиндик посттордо, калк жыш жайгашкан калктуу конуштарда  коопсуздук чараларын  көрүүдө.

ИИОнун кызматкерлери менен биргеликте ошол айылдын ыктыярдуу элдик кошуундары, жергиликтүү бийликтин коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү биргеликте тыгыз иш алып барышууда. Мындан сырткары айыл аймактардагы жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун сактоодо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жөө кайгуул күзөттөрү маршруттар боюнча уюштурулуп, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында милициянын көчмө кабылдамасы үзгүлтүксүз иш-жүргүзүп, калктуу конуштарды аралап, үндү катуу чыгаруучу каражаттар менен тургундардын үйдө болуусун жана санитардык гигиеналык эрежелердин туура сакталышын эскертүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости