www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Азербайжан Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынына катышты. Кезексиз жыйында ТМККга мүчө-мамлекеттердин башчылары коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө түрк тилдүү өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү боюнча чараларды талкуулашты.

ТМККга мүчө-мамлекеттердин башчылары коронавирус менен күрөшүүдө улуттук деңгээлде көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришип, өлкө экономикасына анын тийгизип жаткан терс таасирин жеңип чыгуу боюнча ыкмалар, постпандемиялык мезгилде соода-экономикалык тармактарда биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү жөнүндө пикир алмашышты.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тилектештикти билдиришип, алдыдагы келечекке биргелешкен пландарды белгилешти. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы өз баяндамасында түзүлгөн кырдаалда координацияланган аракеттерди кабыл алуунун жана өз ара көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кезексиз жыйындын соңунда Жыйынтык декларациясы кабыл алынды.

Видеоконференция форматында өткөн жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус катышышты.

Эске салсак, ТМКК Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында 2018-жылдын 3-сентябрында өткөн Саммиттен кийин үч жылдык тыныгуудан соң өз ишин кайра баштады. Андан кийин ТМККнын Саммити 2019-жылдын октябрында Баку шаарында өтүп, Кеңештин төрагалыгы Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өткөрүлүп берилген.

Последние новости