www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атазовду колдоп чыккандар соттордон, укук коргоо органдарынан адилеттик таппаган карапайым элдер», - деди бүгүн, 16-июнда NazarNews маалымат агенттигине «Мээр жазы» уюмунун башчысы Ыргалай Бекмуратова.

- Ыргалай эже, сизди митингге элечекчен келип. Элечектин кадырын түшүрдү деп жатышат го?

- Элечектин кадырын тескерисинче көтөрдүм. Көчүгүн ачып шерменделердин кийимин кийбей кыргыз айымдары керек болсо, элечекти ар күн сайын кийиши керек. Кайда, кандай кийим кийип барабыз ал биздин ишибиз.

Биз  улуттук кийимибиздин баркын көтөрүш үчүн кайда болбосун кийип жүрөбүз. Бейбаштардын катыгын берүү үчүн улуттук кийим кийип жүргөнүбүзгө карабай бардык. Анткени, кыздарыбыз  сексуалдык зордук-зомбулукка кабылып, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздарыбыздын сөөктөрү келип, сай сөөктү сыздатып жатат.

Мени сындагандар келечекте эне боло турган жаш кыздарыбыздын келечеги талкаланбасын деп элечек кийип чыкканыбызды колдошу керек.

- Шайлообек Атазов өзүнө каршы уюшулуп жаткан митингди таратуу үчүн силерди элечекчен чакырды дегени чынбы?

- Мени эч ким чакырган жок. Биз башка иш чарадан келе жатып эле ал митингге кайрылып калдык. Анткени, ал тема мага жат эмес. Мен мурдатан эле бул маселени көтөрүп, конференция өткөрүп жүрчүмүн.

-Атазовду колдоп жүрчү эле. Эми анын мандатын талап кылгандар чыкса, сиз коргоп келе калгандпй айтып жатышат го?

- Негизи ким элге жага турган маселелерди көтөрүп чыкса, ошол адамды бутунан тартып жок кылууга ашыгышат. Атазов орчундуу маселелерди көтөргөнү үчүн ага ушундай шоуларды атайылап уюштуруп жатышат.

Митингге келгендерди Атазов атайылап чакыргандай ойлогондор да бар экен. Чынында ал митингде Атазовду колдоп чыккандардын көпчүлүгү соттордон, укук коргоо органдарынан адилеттик таппаган карапайым элдер.

Ар дайым Атазов ошол элдердин көйгөйлөрүн  көтөрүп, жардам берип келет. Ошондуктан, Атазовдун уруксаты жок эле Атазовго  каршы чыккандарга ар дайым каршы чыгышат.

Эске салсак, депутат Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы отурумунда 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости