www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балыкчы шаарында диниий экстремизмдин жана эл аралык терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.
Лекцияга 420 адам, анын ичинде жогорку класстын окуучулары, шаардагы № 20636 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы катышты.
Жыйында бүгүнкү күндө облустун айрым шаарларында жана айылдарында диний экстремизм маселеси курч көйгөйлөрдүн бири болуп жаткандыгы айтылды. Эгерде буга чейин облустук ички иштер башкармалыгы " Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө каршы гана күрөшүп келсе, азыр Кыргызстанда мыйзамсыз деп табылган башка диний агымдар кеңири жайылууда. " Йакын инкар" диний агымынын идеологиясынын активдүүсү өзгөчө тынчсызданууну жаратууда.
Булак: NazarNews.kg