www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-июлда болжол менен саат 18:25те Кара-Ой айылындагы эс алуу борборлорунун биринин пляжында болгон. Катер 42 жаштагы адамды сүзүп кеткен. Жабыркаган адам Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал Балыкчыда туулуп, кийин Казакстандын жарандыгын алган.

Окуя тууралуу милицияга кабарланып, бул факт каттоого алынган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө катердин ээси Ысык-Көлдүн 32 жаштагы тургуну М.Б. экени, кырсык болгон учурда катерди Кара-Ой айылынын 2006-жылы туулган тургуну А.А. башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Ооруканага түшкөн адам 16-июлда жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган фактыга байланыштуу 127-берене (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) жана 311-берене (Суу транспортунун кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Последние новости