www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө 1500дөн ашуун мал кырылган

Бүгүн, 18-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн отчеттук жумалыгынын алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер жана блогерлер менен жолугушту.

Анын айтымында, 29-31- май күндөрү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондоруна калың кар жаап, анын кесепетинен 1500дөн ашуун баш мал өлгөн.

"256 баш мүйүздүү мал, 55 жылкы жана 1218 баш майда мүйүздүү мал өлгөн. Келтирилген чыгымдын суммасы 125 миллион 275 миң 162 сомду түздү", - деди өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы.

Белгилей кетсек, 18-июлдан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилеринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн отчеттук жумалыгы башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости