www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун тоолорундагы мөңгүнүн урашынан улам каза болгондор жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, туристтердин бири бутунан жеңил жаракат алып, ага «Кумтөр» ишканасынын дарыгерлери жардам көрсөтүшкөн. Мындан сырткары, табигый кырсыктан улам аталган тилкеде мал өткөрө турган 1 көпүрө бузулган.

Эскерте кетсек, 8-июлда Ысык-Көлдүн ойдуңун Жууку ашуусунда мөңгү урап түшкөн.

Ошол учурда ашууда 9 британ жараны жана бир АКШ жараны, ошондой эле туристтерди коштоп жүргөн жергиликтүү тургундардын тобу болгон.

ӨКМдин ыкчам тобунун маалыматы боюнча, мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 миллион 11 миң 500 метр кубду түздү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости