www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жана анын союздаштары Украинаны азыркы таптагыдай узак убакыт бою колдой албайт. Бул тууралуу New York Times гезити жазганын РИА Новости билдирди.

"Президент Байден Украинаны канча болсо ошончо убакыт колдой турганын айтты. Бирок согуш качан бүтөрүн жана АКШ менен союздаштары качанкыга чейин кол сунарын эч ким айта албайт. Аткаминерлер АКШ менен Европанын куралдарынын запасы кайсы бир маалда түгөнүп калышы мүмкүндүгүн моюндады. АКШ 54 миллиард долларга аскердик жана башка жардамдарды көрсөттү. Алар түгөнгөндө дагы көмөк көрсөтө алары белгисиз", — деп жазылган маалыматта.

Басылма саясатчылар менен аналитиктерге таянып, "Атлантиканын эки тарабындагы" чыр-чатак жадаткандан кийин азыркыдай материалдык жардам көрсөтүү кыйын болорун билдирген.

Газета кошумчалагандай, конгресс бекиткен аскердик жардам кээ бир эсептөөлөр боюнча кийинки жылдын экинчи кварталына чейин жетет. Ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыны жөнөтүү АКШнын өзүнүн аскердик даярдыгына кандай таасир этет деген маселе бар экени белгиленген.

Буга чейин Россия Киев режимине курал берүүгө катышкан бардык өлкөлөргө нааразылык нотасын жөнөткөн. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров курал менен келе жаткан бул жүктөр Россиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасына алынарын эскерткен.

 

Последние новости