www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле “Батыш” автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б. каттаган маршруттук каттамдар, таксилер "Чыгыш" автобекетинин аймагына жайгашса, ал эми Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б. каттагандары тиешелүүлүгүнө жараша “Батыш” автобекетинин аймагына жайгашат.

Биринчи май муниципалдык администрациясынын демилгесин “Бишкек автобекет” мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдоого алды.

Белгилей кетсек, буга чейин “Батыш” автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталган.

Бордюрлар орнотулууда, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлөт. Жакын арада унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости