www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта, 8-мартта кармалгандарды колдоп, ЛГБТнын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына зомбулукка каршы акциясынын катышуучулары чогулуп, тынчтык митингин өткөрүштү.
Кыргыздын балдары эч качан көгүш болгон эмес. Мындай пикирин митинг учурунда белгилүү ырчы Тата Улан билдирди.
“Мен аялдардын укугун коргойм. “Гей-лисбиянкаларды” колдобойм. Кыргыздын балдары эч качан көгүш болгон эмес. Мен бүгүнкү Кыргызстанды ойлобойм, мен эртеңки Кыргызстанды ойлойм”,-деди Тата Улан.
Мындан тышкары, ал өткөн жылы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн сүрөт көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып алганы туура эмес болгонун кошумчалады.
Митинг тынчтык жолу менен аяктады.
Белгилей кетсек, иш-чаранын модератору Атай Самыйбек журналисттерге акция саясий эмес экенин айткан.
Эске сала кетсек, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жөө жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.
Булак: NazarNews.kg