www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бүгүн да борбор калаабызда гей-лесбиянкалардын жөө жүрүшү өтө турганы белгилүү болду. «Мен төрөбөйм», «Менин жатыным, менин ишим», «Мен күйөөгө тийбейм», «Мен чай куйбайм» деген сыяктуу атайылап элдин кыжырын кайтанууну көздөгөн жазуулары бар плакаттарды көтөргөн ЛГБТлар демек бүгүн да көчөдө атайылап провокациялык кадамдарды жасоону пландап жатышат.
Баарынан кызыгы, ошол жөө жүрүшкө экс-президент Роза Отунбаева да барып катышып, гей-лесбиянкалардын кылык-жоруктарын жайылтууну колдой турганы айтылууда. Негизи эле Роза апчебиздин мына ушул өңдүү жосунсуз жоруктарды таңуулоонун башында тураары белгилүү болуп калган. Ал музейдеги кыздардын жыланачтануусун искусство деп атап, ага каршы пикирин айткан кыргызстандыктарды «мырктар, айылдыктар силер деңгээлиңерди көтөргүлө, биз силердин деңгээлиңерге аркага түшө албайбыз» деп шылдыңдаган эле. Эми бүгүн ал «төрөбөйм», «чай куйбайм», «өзүмдүн жатынымды өзүм билем» деген терс аяк кыздарды коргоп, колдоп чыга турган болуп жатат.
Качан кыргыздын кыздары ушинтип көчөгө чыгышчу эле? Же ошол кыздарды бирөө «төрөйсүң», «чай куясың», «сенин жатыныңды мен билем» деп коркутуп жатыптырбы? Мындай көрүнүшкө азыр кыргыздын бардык эле айымдары нааразы болуп турат. Аялзаты бул эзелтеден үйдүн куту болуп келген. Кыргыз эли аялзатын ар дайым сыйлап, урматтаган. Оор жумуштарды жасаткан эмес. Эненин таман алдында бейиш деп келген элбиз. Кыздын кырк чачы улуу деген элбиз. Кыздуу үйдө кыл жатпайт дейт элибиз. Ушунун баарын Роза Отунбаева деле билсе керек. Ал өзү деле айылда туулуп-өскөн эмеспи.
Анан эми бүгүн карыган кезинде калжаңдап, жылаңачтанам, төрөбөйм деген кыздарды колдоп чыгып жатканы эмнеси? Макул, ошону айтып жаткан кыздар төрөбөй эле койсун, жылаңачтана беришсин, бирок аны айтпай эле жасай беришсе болбойбу? Эмнеге Роза апчебиз мындай жосунсуз жоруктарды колдоп жатат? Деги биз 1,5 жыл өлкөнүн тагдырын ишеним кимдин колуна карматтык эле? Эгер ал 6 жыл өлкөнү башкарганда баарыбызды жылаңачтап салмак эмес беле? Көрсө, Отунбаеванын жүрөгү кыргыз элим, Кыргызстан деп сокпой эле, Батыш деп согуп калган турбайбы. Чыныгы саткынчылык, бузукулук деген ушундай гана болот",- деген пикирин активист Айкөкүл Асылбекова билдирди.
Булак: NazarNews.kg