www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп убакыттан бери сандыктын тубүндө жатып, анан өзүнөн-өзү эле жөнөкөй аш бычакка айланып калганына Сагын өз көзүнө өзү ишенбей, таң кала жакасын карманды.

-Ой тобо-оо, бул эмнеси ай.., анан аялына кыйкырды, - ыя, Кал-бүбү бери келчи, бол ылдам!

-Эмне болуп кетти, тынччылыкпы деги?

-Ошо тынччылык болбогонунан сени чакырып атпаймынбы. Айтчы, бул сандыктагы канжарды сен алмаштырып койгон жок белең?

-Жок, эмне болуп кетти?

-Карачы бул жакты, алиги сырдуу канжар жок, анын ордуна момундай эле аш бычакка айланып калыптыр. Сандыктын ачкычы кайда?

-Кайда дегени эмнеси, дайыма эле өзүңдө жүрөт го, азыр да өзүң ачтың го?..

-Эк Кудайга тобо, бул эмнеси, бирөөлөр келип алмаштырып кеткен жокпу?

-Канжардын бул жакта экенин экөөбүздөн башка эч ким билчү эмес да, бул кандайча? - Сагын аялы экөөсү эмне болуп кеткенин түшүнбөй баштары катып турушту.

Бул мезгилде Сагындын уулу канжарды ээн жерге алып барып анын сыйкырын, укмуштуулугун дагы бир сыйра текшерип көрүп жаткан болчу. Канжарды кармаары менен денесиндеги каны ойноп, өзүн-өзү кармана албай бир нерсени сайгылагысы келип турду. Колу кычыша эмнени сайсам деп айланасына карады. Башын жогору көтөрүп өйдө жакты караса, топ көгүчкөн учуп баратыптыр. Эмнегедир өзүн-өзү кармана албай, күчкө салып өйдө карай ыргытты эле, ал катуу ылдамдыкта жогору карай көтөрүлүп бирөөсүнө сайылып, аны өзү менен кошо кайра төмөн карай алып түштү. Канжар так эле көкүрөгүнө сайылыптыр.

Аны сууруп алып кош мизиндеги канды тазалайын деп чөнтөгүндөгү бет аарчысын алып чыкты эле, кан өзүнөн-өзү эле темирге сиңип жок болуп кетти да, кайра мурунку калыбына келип калды. Ал дале да болсо өз көзүнө өзү ишене албай турду. "Канжарды мен ыргытып сайдымбы же өзү эле сайылып калдыбы?" дагы текшерип көрмөкчү болду. Эмнени сайсам деп дагы айланасына көз жүгүрттү. Өзүнөн бир топ эле алыс турган даракты көрүп, ошону көздөй жай эле ыргытып койду эле учуп барып кадалып калды. Ары жакта турган жаңыдан өсүп келаткан ичке талды көздөй ыргытты эле, аны түбүнөн кыйып түштү.

Канжарды алып өзүнө өзү ыраазы боло, андан көз албай карап турду. "Эгер ушул канжар болбогондо карышкырлар мени тытмалап жеп кетишмек. Эгер бул болбогондо шаркыраган сууга агып өлмөкмүн. Анын үстүнө күндүзү күндүн нурун өзүнө сиңирип алып, түнкүсүн күйүп жарык берип турганы жакшы экен". Жерде өлүп жаткан көгүчкөндүн дал ортосунан акырын эле сыдырып койду эле, тепетең экиге бөлүнүп

калды. Мештин темирлерин оюп, боз үйдү талкалаган бул канжардын мизи өтө эле өткүр, өтө эле курч экен да, тобоо. Жерде сайылып турган эски казыктын жанына басып келди. "Ушул темирди чаап көрсөмбү, же канжарды сындыып аламбы?" Ал өзүнчө олку-солку болуп турду. Анан өзүнүн эркин өзү башкара албай темир казыкты түбүнөн, туурасынан болгон күчү менен чаап калды. Канжар темир казыктын жарымына чейин матырылып, андан ары өтө албай туруп калды. Темирге тим эле магниттей болуп жабышып калыптыр, күчкө салып атып араң ажыратты. Мизин караса эч нерсе болбоптур. Жоон темир казык жарьшына чейин кесилиптир. Анан өзүнө өзү ишеним менен экинчи жолу казыкты катуу чапканда, талды түбүнөн кескендей темир казык толугу менен экиге бөлүнүп жогору жагы жерге кулап түштү. Канжар мурдагысындай эле эч нерсе болбоптур, мизин текшерип көрдү эле, мизинин чети да кертилбей эч нерсе болбоптур. "Темирди кесип кетип аткан бул канжар өзү эмнеден жасалды болду экен?" Акырын мизине колун тийгизип көрду эле,

бармагы тилинип кетти. Канды токтотмокко дароо бет аарчысын басты. Колуна кармап туруп өйдө карай ыргытты эле, кайра учу менен келип жерге сайылып калды. Дагы бир жолу ыргытты эле дагы эле учу менен сайылды. Кайра-кайра карай берип, карагандан тажаган жок, анан кандайдыр бир ой кетти. "Мунун кыны жокпу? Канжар болгондон кийин мунун кыны да болуш керек эле да. Бул канжар жаткан суунун алдында балким, кыны да жаткандыр? Кийинки жайда жайлоого чыкканда атам айткан жакка барып кынын дагы издеп көрүш керек экен". Канжарды кармап чекесине тийгизди эле, ток ургандай дүрт эте түштү. Башы зыңылдап ооруп турган өзүнөн-өзү эле тып басылды.

Анын жаңы бир сыры уламдан-улам ачыла берди. Бир топ жылдан бери колдоруна экзема чыгып, ар кайсы майларды, доктур айткан дарыларды шыбап атып да айыктыра албай, күндө кычыштырып жанын жечү. Канаганча тырмап атып жарага айланып кетчү. Кокусунан алаканы катуу кычышып, картгалган жерлерин канжардын жалпак жагы менен акырын тырмап койду. Эмнегедир колдору жан чыдатпай катуу ачыштырып кирди. Ооруганына чыдабай ары-бери туйлап басып отуруп тура калып жатты. Тээ бир топтон кийин ачышканы акырындап басыла түштү. Алаканын карап өз көзүнө өзү ишенбей таң калып калды. Экземанын орду таптакыр жок болуп тазаланып, карттарынын баары сыйрылып түшүп билинбей эч нерсеси калбай калыптыр. Алакандарын бир сыйра сыдырып, сыйпалап көрдү, мурда эч нерсе болбогондой таптаза болуп турат. Буттарында да ошондой экзема бар болчу, аны да тырмап атьш канатып жиберген. Ал жагын дагы канжардын жалпак жагы менен сылап чыкты эле, буттары тим эле ушунчалык чыдатпай оорутуп кирди. Ооруганын чыдай албай онтоп жиберди.

Буттарына чок таштагансып  чыдатпай ооруп жатты. Бир ордуна тура албай тыбырчылар ары-бери баса  берди. Так эле жара болгон жерлери дуулдатып жанын көзүнө көрсөтүүдө. Тийгизип ары-бери сылагылал, өйкөбөй эле койбой, акыры чыдай албай кеткенде өкүнүп да жиберди. Бирок акырындап улам басаңдап отуруп калыбына келгенсиди. Акырын аярлай буттарына көз жүгүртсө жаранын да, карттардын да эч нерсеси калбай тазаланып калыптыр, атүгүл тактар да жок. Бетиндеги чакалайына дагы сүртүп көрдү, дуулдатып бир топ ачыштырып анан басылды. Акырын бетин колу менен сүртүп көрсө чакалайдын эч нерсеси калбай, атүгүл жылмакай да болуп калыптыр.

"Бул эмне болгон табышмактуу, сырдуу зат?" деп ушунчалык таң калып кайра-кайра карай берди. Ошо маалда кошуна Курманбайдын эшеги жанынан өтүп бараткан, колу кычышып кетип, эркин башкара албай аны көздөй ыргытып жиберди эле, канжар мойнуна сайылып, тигил оңкосунан кулап түштү. Анан жерде ары-бери ооналактап, тыбырчылап атып бир кезде кыймылдабай калды. Акырын жанына басып барса, эбакта эле өлүп калыптыр. Шылынып калган мойнунан кан диртилдеп агып жатты. Эмне болуп кеткенин ал өзү дагы түшүнбөй калды. Эки жагын караса эч ким жок экен, дароо ордунан тура аткан октой чуркай, болгон күчү менен тызылдай качып жөнөдү.

Эртеси күнү "Курманбайдын эшегин карышкыр кекиртектеп кетиптир" деген сөз тарады. Мындай кабарды уккан жергиликтүү эл "айылга да карышкырлар келе башташкан турбайбы?" деп мурункудан да сак боло башташты.

Саадатбек Мырзакул уулу

Булак: “Шамбала”

 

Последние новости