www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

- “Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 21.11.17деги № 764 токтом);

- “2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.17деги № 835 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамга, Балдар жөнүндө кодекске, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 03.03.18деги № 123 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.02.18деги № 85 токтом).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости