www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент бир канча жумадан бери Сооронбай Жээнбековго пресса аркылуу чабуул жүргүзүп атканын, Мээрбек Мискенбаев өткөзгөн митинг, Фарид Ниязов аркылуу элди Жээнбековго каршы шыкап атканын биз эмес, коомчулук, айрыкча апрель баатырлары айтып келгени калппы? Кечээ болсо Атамбаевге тийиштүү делген "Акипресс"агенттиги эки мырза жолукканы боюнча маалымат таратышты.

Кызыгы, алар Атамбаевдин атынан, ал киши муруңкудай эле президент болгонсуп, Жээнбековду кабыл алгандай жазып, анан атайын шайланган президент Атамбаевдин үйүнө баш ийип барганына өзгөчө көңүл бурушту.

Эки айдан бери жолукпаганын дагы жазып чыккан «Акипресстин» маалыматын окуган адам "булар КСДП съездине чейин элдешип, биримдикке келиптир" деген калп көрүнүш жаратуу үчүн багытталгандай түр көрсөтүптүр.

Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, тескерисинче, ошол жолугушуудан кийин Сооронбай Жээнбеков "Соке досум" болуудан баш тартып, кыргыздын толук кандуу президенти болууга багыт алганын айтышууда.

Атамбаев "мен башкарам, сен менин буйругумду аткаруу учүн дайындалгансың, мен айткандай болот"деп айтканына катуу жооп бериптир. "Мен Кыргыз Элиме кызмат кылам, ага антымды бузбайм, сиз мага ишенип колдогонуңуз үчүн рахмат, аны мен эч качан унутпаймын, кеңеш берсеңиз, дайыма кабыл алам, бирок элдин тагдыры үчун жоопкерчилик колума тийди, ал үчүн мен ушул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да жооп беришимди билем" деп жооп бериптир.

"Азия Ньюс" гезити да Соороибай Жээнбеков, анын аппарат башчысы Мухамметкалый Абулгазиев да КСДПнын съездине барбай турганын жазып чыккан эле. Президенттин өзү, аппаратбашчысы съездге барбай баш тартып жатканына эки дос ачык түрдө эки жолго түшкөну себеп болуп жүрбөсүн?

Булак: "Жаңы ОРДО"  

Последние новости