www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карамушкина: "Сооронбай Жээнбековго эл ишенбей калды", - дегенде, "күлкү приходит". Эл - Карамушкина болсо, - байкуш кыргыз эли "жыргаган" экен, шордуу.  Карамушкина элби?! Чындыгында президент Жээнбековдун азырынча дагы эле элди өзүнө буруп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Чечкиндүү болушу керек... Атамбаевтин сотуна эч ким келбегенин көрүп турабыз. Мындай пикирин Ырысбек Өмүрзаков билдирди. 

Эске сала кетсек, 10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана тарапташтарына басым кылууну токтотууну суранып, тергөө органы телефонун тартып алып эки айдан бери бербей жатканын айтып жаш баладай ыйламсырады. 

Ага Аида Касымалиева жооп берип Кой-Таштагы чырды депутат Карамушкинанын эсине салды. 

"Өктөм эже уулунан айрылып, балдар атасы жок отурса каяктагы телефонду айтып жатасыз? Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз. Ким гана болбосун — мурдагы президентпи, мурдагы депутатпы, азыркы депутатпы, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эмне айтып жатканыңызды ойлонуңуз! Сиздин эки жүздүүлүгүңүздүн да чеги болушу керек", — деди Касымалиева.

Кызыгы, ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын адам өлүм менен аяктаган окуя менен эсептешпей, телефонун ыйык трибунадан айтып чыкканы бет тырмооочулук. Аман эле болсун! Бирок укук коргоо органдары депутат Карамушкинаны албетте камакка алышы керек! Мыйзам баарына бирдей!

Булак: NazarNews.kg  

 

 

Последние новости