www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Март-апрель революциясынан мамлекет үчүн пайда болдубу же пайдасынан зыяны көп болдубу?
– 24-мартта болгон революциядан кийин мамлекетибиз өнүгүп, элдин турмушу оңолот деген үмүт чоң эле. Чындыгында, алга жылуулар 2007-2009 жылдары болбоду десек, анда сырткы карызыбыз 2 млрд 700 млн. доллардан 1 млрд 900 миллионго азайганын түшүндүрүү кыйын болуп калат го.
24-марттан мамлекет пайда тапты десек болот. Бирок, пайда бир жагдайлуу болду. Саясаттагы кыйыр иштер токтотулган жок. Баягы эле Акаевдин мезгилиндеги чиновниктер революционер боло калып, иштей калып, мамлекетибизди муруңку “тас кейпине” келтирүүгө аябай чоң өбөлгө болду деп айтсак болот… 7-апрелдеги кандуу окуяларды революция деп атайбызбы, төңкөрүш деп атайбызды, өнүгүү жолунда турган Кыргызстан “улуу агабызга” жакпай калгандын себебинен болуп калды. “Бакиев энергохолдинг менен газ чарбаны бизге берип койгондо, азыркыга чейин падыша болуп жүрө бермек”,- деп Москвадан Россиянын бир саясат таануучу журналистти айтты эле.
Ал туралуу мен “Президенттин тагдыры” аттуу китебимде белгилегем. 2010-жылдын 7-апрелинде келишпес оппозициянын лидеринин бири “5-6 кыргыз өлсө андан кыргыз кемибейт”,- деген “ураан” алдында болгон окуя. Кан төгүү пландашылган окуя. Бул төңкөрүштөн соң, биздин шордуу мамлекетибиздин сырткы карызы беш миллиардан ашты. Анын эки жарым миллиард доллары – Кытайга карызыбыз. Ал акчаны, биздин алкымы бузулган чиновниктерге бир азын берип, кытайлыктар өздөрү эле “ап” деп койгонун эч жашыра албайбыз. 2010-жылдан бери, биздин мамлекетибиз банкрот болуу чегине аябай жакындап, Кытайга кул болуп калаарыбызды да көрсөтүп калды.
Ошентип, 7-апрелде болгон төнкөрүш мамлекетибизге пайда келтирди деп Ош базарында краска сатып жүрүп, бизнеси 3 тачканы арендага берип оокат кылып, 2010- жылдагы тоноолордон кийин байыгандар эле айтпаса, акыл ээси ордундагы адамдар: “2010 -жылдан бери, биз маданиятыбызда, мамлекеттик башкарууда, өндүрүштө, демек, жашоодо, кыйла артка кеттик”,- деп айтышы абзел.
Булак: "Майдан"