www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Март-апрель революциясынан мамлекет үчүн пайда болдубу же пайдасынан зыяны көп болдубу?

Март-апрелде эл көтөрүлүп, бирок ошол эле күнү женишин коррупционерлерге алдыртып ийди десек болот. Революция эмес, экөө тең контр-революция десек болот. Атамба-евдин эле кадр саясатынан байкасаңар болот – өкмөтү, Башкы прокуратурасы, Улуттук банкы, Улуттук телевидениеси, Улуттук коопсуздугу, Эсеп палатасы, Энергохолдинги жана башкалары баардыгы ошол Бакиевдин сүйүктүү кадрлары. Мен дайыма айтам, мына азыр 7-апрелде шейит кеткендер ойгонуп кайра келишсе, алар “биз эмне кылдык кан төгүп булар үчүн” деп айтышмак.

Акыйкаттык орнододубу? Жок! Ким утту? Мурун бакиевдерден коркуп жүргөн ууру олигархтар утту, ошолор кутурду. Эми алар мамлекетти талкалап атышат ар бириси. Үй-бүлөлүк режим менен салыштырмалуу мындайдын зыяны аз эмес, керек болсо көбүрөөк. Компрадорский режим деп коёт мындайды. Мындай жолду бизге чейин көптөгөн Африка жана Латын Америка мамлекеттери өткөн. Бизге элдик кызыкчылыкты коргоо үчүн күчтүү бийлик керек. Демократиянын азыркы учурда жыты да жок. Ошону менен жабынып алышып элден алыс элементтер мамлекетти талкалап атышат!

Булак: “Майдан“

Последние новости