www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОшМУнун тарбия проректору Түмөн Колдошов өзүнүн ишин жакшы аткара албай жаткандыгын көптөгөн студенттер менен мугалимдер айтып калышканын кулагым чалып калчу. Өткөндө биофактын алдында троллейбус күтүп туруп калып университеттин жол боюндагы  жарнак илген тактайынын жыланач турганы байкалбай койбоду. Мурда бул жерге ОшМУнун окумуштуу агай эжекелеринин, президенттик стипендия алган алдынкы студенттердин кызыл-тазыл сүрөттөрү көз жоосун алып дайыма илинип турчу. Мунун тарбиялык мааниси айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. 

Андан башка БиМ факультетинин көчө тарабындагы корпусуна илинүүчү рекламанын орду да ушул акыбалда бош турганын көрүүгө болот. Ал эми истфак менен Алай мейманканасынын тушундагы жатаканада илинген сүрөттөр каралбай саргарып кетиптир. Мына ушулардан улам  элементардык иш (сүрөт илүү) колунан келбегенден кийин проректорлук кызматтын кутун качырбай өз каалоосу менен таштап,  аккордеонун жонуна көтөрүп концерт коюп кетип калса кантет эле деген ой келбей койбойт экен.

Анын ордуна орошон ОшМУдан проректор болчулар, иштин козун билген агайлар четтен табылса керек эле. Бирок Т.Колдошовду иштей албайт дегенибиз менен өзүнө  келгенде өгүздөй күч менен иштегени байкалды. Жакында жеке концертин бергенде өзүнүн рекламалык сүрөттөрүн шаардын, университеттин шиттерине жайнатып таштады, анан студенттер менен мугалимдердин сүрөттөрүн илгенге келгенде эле унутчаак болуп калганы жакшы эмес го. 

Албетте, сүрөт илбейсин деп Т.Колдошовду жумуштан кетирүү адилетсиз болот. Бирок бул ырчынын ырынан да чыры көп экенин жакынкы күндөрдө кабарлайбыз, аны кийинкиге калтыра туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости