www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүндө айылдык чогулуш болуп, анда тургундар ынтымакка жана тынчтыкка чакырылды. Бул тууралуу айыл өкмөтү журналисттерге билдирди.
Жолугушууда айыл тургундарынын элдешүүсү болду.
“Жалпысынан абал туруктуу. Бир-экөө спирт ичимдиктерин ичип, уруш чыккан. Башкалары бул жаңжалга кошулушкан. Катышуучулардын айрымдары жеңил жаракат алышты. Жолугушууда биз айыл тургундарын биримдикке жана тынчтыкка чакырдык” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Ата районунда массалык мушташ алты адам ооруканага түшкөнү айтылган.
Бул окуя боюнча Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирүү таратып, Ысык-Ата районунда массалык мушташ болбогонун, жаңжал ал мас абалдагы кошуналардын түшүнбөстүгүнөн улам келип чыкканы билдирген.
Булак: NazarNews.kg