www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саламаттык сактоо системасынын абалын 29 жыл бою көрмөксөнгө салып келдик. Пандемия болбосо дагы эле көрбөй калмакпыз”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Жодар Сайдилканов Ош шаарында өткөн жаштар форумунда билдирди.

Айтымында, пандемия ар бир үй-бүлөгө терс таасирин берди. 

“Саламаттык сактоо системасы Советтик доордо курулган, тилекке каршы, азыркы эркин базар экономикасына ылайык эмес экенин баарыбыз көрдүк. Эми эски системаны өзгөртүүгө мезгил келди, реформа кылышыбыз керек”, - деди Жодар Сайдилканов. 

Ал партиянын программасында калктын аз камсыз болгон катмарына карата социалдык колдоо механизмдерин иштеп чыгуу аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын киргизүү каралганын кошумчалады.  

Ошондой эле, алып сатарлык баалардын коюлушуна бөгөт боло турган дары-дармектектерди жана медициналык жабдыктарды каттоонун бирдиктүү санариптик платформасын киргизүү аркылуу дары-дармектерге байланышкан баш аламандыкты токтотуу замандын талабы экенин айтты.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 22 - сентябрь, 2020-жыл.

Последние новости