www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газдалган суусундуктар жана шоколадды сүйгөн 117 жаштагы Кане Танака билинген маалыматтарга ылайык Япония тарыхындагы эң көп жашаган адамдардын бири.

Танака 2019-жылы дүйнөдөгү “эң көп жашаган адам” катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Ишемби күнү ал толук 117 жыл, 260 күн жашап 2018-жылы каза болгон Наби Тажиманын рекордун басып өттү.

Фукуока шаарындагы карылар үйүндө жашаган Танака жаңы рекордун өзү жакшы көргөн коланы ичүү менен куттуктады. Үстүнө болсо коронавирустан улам көрүшө албай келген жакындары жиберген футболканы кийип алган.

5 япон императорунун доорунда жашаган аялдын карылар үйүндө достору менен ар кандай оюндарды ойноору билинди.  9 бир туугандын жетинчиси болгон Танака 1903-жылы 2-январда төрөлгөн. Ал 1997-жылы 122 жашында каза болгон француз Дженни Калмент жана 1999-жылы 119 жашында каза болгон АКШлык Сара Кнаустан кийинки эң узун жашаган үчүнчү киши.

Азия өлкөлөрүндө, мисалга алсак Кыргызстанда 100 жаштан ашкан адамдарды дээрлик аз кезиктиребиз.  Ал эми Япониянын Саламаттыкты сактоо, эмгек жана камсыздоо министрлиги берген маалыматка ылайык өлкөдөгү 100 жаштан ашкан адамдар өткөн жылга салыштырмалуу 9176га көбөйүп, жалпы сан 80 миң 450гө жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости