www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө унааны мас абалында башкарып, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга каршы күчөтүлгөн иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин ЖККК бөлүмү билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 10-мартынан 20-мартка чейин облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол эрежелерин бузган 1 250 айдоочу аныкталып, протокол түзүлдү. Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 41 айдоочу кармалып, ар бирине 17 500 сом айып пул салынды жана 52 унаа айып жайларга токтотулду. Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинде унаанын ылдамдыгын ашырып айдаган — 492, жол белгилерине баш ийбеген — 112, унааны уруксаты жок жасалгалап айдаган — 5, тиешелүү документтери жок унаа башкарган — 21, адамдарды ташуу эрежесин бузган — 5 айдоочу жана башка жол эрежелерин бузган айдоочулар болду.
Жарандардын өмүрүн сактоого, материалдык чыгымдарга жол бербөөгө багытталган мындай алдын алуу иш-чаралары облус аймагында маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы.
Булак: NazarNews.kg