www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-май күнү Жети-Өгүз РИИБине Саруу айылындагы Жууку жылуу суусунун ээси 28-майда түнкү саат 11лерде дачада эс алып жаткан 1992-жылы туулган кызды белгисиз 3 бала авто унаага салып, ала качып кеткенин билдирген. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган билдирүү КЖБРге катталып, КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал кыз Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну экени, ал өзүнүн 1966-жылкы тааныш эжеси менен эс алып жүрүшкөнү аныкталган. Ошол эле эс алуучу жайда жүргөн 1952-жылы туулган аял жана анын 1989-жылы туулган баласы Нурлан менен кыз таанышып, сүйлөшүп жаткышканда, аял кызды "келин кылып алайын" деп сунуш киргизген. Кыз “ойлонуп көрөйүн” деп жооп берген. 28-май күнү бала тең-туштары менен келип, кызды ала качып кетишкен. Кыз олтурбай койгондуктан, кайра дачага алып барып коюшкан.

Жабырлануучу алгач арыз жазуудан баш тарткан, бирок кийинчерээк 31-майда арыз менен кайрылган.

Учурда тиешелүү бардык экспертизалар дайындалган.  Жабырлануучунун арызында сабалганы боюнча маалымат айтылган эместигин милициядан белгилешти.

Эске сала кетсек, Жети-Өгүз районунда ала-качуунун курмандыгы болгон кыз сабалганы тууралуу адвокат Эсения Рамазанова журналисттерге кабарлаган.

Анын айтымында, кыздын ата-энеси жок, Бишкекте жашайт. Кыздын тааныштары Ысык-Көлгө эс алууга чакырышкан, ал макул болуп, барганда аны ошол жерден ала качып кетишкен.

“Буга чейин жабырлануучу Кризистик борборлор ассоциациясына кайрылган. Анын айтымында, жабырлануучуну Ысык-Көлгө алып келген аялдар дагы зомбулук көрсөтүшкөн. Күйөө боло турчу тургундун үйүндө кыз турмушка чыгуудан баш тарткан. Буга каршылык көрсөткөн кыз, аны токмоктошкон. Натыйжада ал далысынан жабыркап, башында гематома пайда болгон. Учурда жабырлануучу катуу стресстен улам калтырап жатат. Ага узак дарылоо жана психологиялык реабилитация керек. Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан иштин териштирилишин камсыздайбыз", - деди Эсения Рамазанова

Фото адвоката Эсении Рамазановой. Гематомы на теле жертвы ала-качуу

Фото адвоката Эсении Рамазановой. В талоне регистрации ЕРПП не указана статья с квалифицирующими признаками преступления

Фото адвоката Эсении Рамазановой. По факту назначена судебно-медицинская экспертиза

Булак: NazarNews.kg

Последние новости