www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ысык-Көл” биосфералык аймагына полиэтилен пакеттерди жана пластик ийдиштерди ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө” Мыйзам долбоору 1-мартта Жогорку Кеңеште талкууланат.
Ысык-Көлдүн акваториясынын жаратылышын жана экологиясын коргоо боюнча иштин солгун жүрүп жаткандыгына карата экологдор, активисттер, жарандык секторлор тарабынан келип түшкөн кайрылуулардын саны өсүп бара жатат. Мындан улам Коомдук кеңеш тарабынан Ысык-Көл биосфералык аймагынын көйгөйлөрүнө жана келечегине көңүл бурууга, жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын изилдөөгө, полиэтилен пакеттеринин жана пластик идиштеринин айлана-чөйрөгө тийгизген жагымсыз таасирин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлорун талкуулоо чечими кабыл алынды.
Андан тышкары, таңгактоочу материалдардын жаңы өндүрүшүн стимулдаштыруу жана пластик продукцияларынын ордун толтуруу, жаратылышка зыян келтирбеген тез жок болуучу материалдардын өндүрүштүн альтернативдик технологиясын өнүктүрүү жана импорттоо үчүн өзгөчө жеңилдиктердин маселелерин талкуулоо күтүлүүдө. Тагыраак айтканда:
Булак: NazarNews.kg