www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте иттер кол салган баланын абалы канааттандырарлык. Жылыш бар, ал өз алдынча тамактанып, өзүн жакшы сезип калды. Бул тууралуу Шаардык балдар ооруканасынан билдиришти.
Дарыгерлер бейтапты бир нече этаптан турган реабилитация күтүп тураарын кошумчалашты.
Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда болгон. 2020-жылы туулган бала балдар аянтчасында ойноп жүрүп, кошунасынын үйүнүн короосуна кирип кеткен, ошол жерден ага 3 ит кол салган.
Ал 1-апрелде орто даражадагы мээнин чайкалган, баш териси тытмаланган, денесинин көп жери тиштелген абалда, травматикалык шок диагнозу менен ооруканага жеткирилген.