www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский радикалдык исламчыл «Аль-Каида» уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладенден да «ашып түштү». Мындай пикирин Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова rg.ru сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Украинанын президентинин «жазасыздыгы» «акылга сыйбаган чектерден да чыгып», «болуп көрбөгөндөй масштабга» жетти.

«Бул чындап эле бүт дүйнөгө коркунуч. Буга чейин Вашингтондо, Лондондо жана НАТОнун башка борборлорунда Бен Ладен эл аралык тынчтыкка коркунуч деп айтып келишкен. Бирок, билесизби, Зеленский Бен Ладенден ашып түштү», — деп эсептейт дипломат.

Ал кошумчалагандай, Украинанын лидери «террордук ишмердик боюнча өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн түздөн-түз жарнамалап», «чындап эле буйрутмаларды кабыл алып жатат».

Последние новости