www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берилип жазылган жаңылыкка ылайык, 13-июлда Ооганстандын Бадахшан провинциясына караштуу Вахан аймагындагы Андемин кыштагында жашаган 77 кыргыз Тажикстандын Мургаб районуна өтүп келишкен. Алардын арасында 26 эркек, 20 аял, 31 өспүрүм бар.
“Учурда качкындар Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл округуна караштуу Андемин жана Чек-Дөбө аймактарына жайгаштырылды. Качкындар өздөрү менен кошо мал-жандыктарын айдай келишкен. 1000дей майда жандык, 300 топоз, үч төө жана 30 жылкы”, - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Ооганстанда жашаган айрым кыргыздар Тажикстанга өтүп келип жатканын мургабдык кыргыздар да ырасташууда. Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздар менен иштешкен, “Кызматташуу” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Зайнидин Тагаев Тажикстанга 40 үй-бүлө жер которушу мүмкүндүгүн айтты.
“Ооган Республикасына караштуу Улуу Памир жана Кичи Памир тараптан 40 үй-бүлө, этникалык кыргыздар Чек-Дөбө өрөөнү аркылуу Тажикстандын Мургаб районуна бет алып, өтүп жатат деген маалымат бар. Учурда мургабдык туугандар менен телефон аркылуу байланышып, 40 үй-бүлөнүн тагдырын сурап жатабыз. Анткени Ооганстан менен Тажикстандын Чек-Дөбө өрөөнүндө эч кандай маалымат болбой жатат”, - деп билдирди Тагаев.
Булак: NazarNews.kg