www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба, суу чарба, региондорду өнүктүрүү жана экология маселелери боюнча эксперттик топ иштеп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова билдирди.

--"Алтынчы эксперттик топ айыл чарба, суу чарба, региондорду өнүктүрүү жана экология маселелери боюнча иштейт жана 3 топчого бөлүнгөн:

- айыл чарба, жер жана агрардык-өнөр жайлык комплекстер чөйрөсү;

- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыштык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу маселелери;

- жарандык коргонуу чөйрөсү.

Министрдин орун басары азыркы учурда Юстиция министрлигинин жогоруда айтылган буйругу менен 353 мыйзамдын тизмеси бекитилип, алар жөнгө салуу тармактарына жараша багыттар боюнча бөлүштүрүлгөн.

- мамлекеттик түзүлүш жана эл аралык мамиле боюнча топчодо 12 мыйзам бар;

- билим берүү жана илим, маданият жана спорт боюнча топчодо 82 мыйзам бар;

- экономикалык жана финансылык маселелер боюнча топчодо 71 мыйзам бар;

- транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш, энергетика, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекс жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү топчодо 27 мыйзам бар;

- айыл чарба, жер жана агрардык-өнөр жайлык комплекстер чөйрөсүндөгү топчодо 40 мыйзам;

- айыл чарба, суу чарба, региондорду өнүктүрүү жана экология тармагындагы топчодо 67 бар бар. Жалпы 299 мыйзам.

“КР мыйзамдарын инвентаризациялоо мыйзамдарды анализдеп жана КРнын мыйзамдарын инвентаризациялоонун критерийлерине ылайыктыгы боюнча баа берүү, “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана “КР айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоорлорун даярдап, иштеп чыгуудан турат”, - деди Аскарова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости