www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык  Какеева Зарина Малдыбаевна Майлуу-Суу шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Какеева Зарина Малдыбаевна 1986-жылдын 7-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Жогорку билимди КГТУнун (И. Раззаков атындагы) Кара-Көл шаарындагы филиалында алып, инженер-менеджер адистигине ээ болгон. Учурда Таш-Көмүр шаарындагы окуу жайда бухгалтердик эсеп багыты боюнча билимин улантууда.

Эмгек жолун техник ПТО кызматынан баштап, кийинчерээк жогорку окуу жайда лаборант, окутуучу, канцелярия башчысы сыяктуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле «Кыргыз почтасы» ААКсында бөлүм башчы, мектепте катчы болуп иштеген.

2019–2024-жылдары Кара-Көл шаардык маданият бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенип, маданият тармагындагы уюштуруучулук тажрыйба топтогон. 2024-жылдан бери Кара-Көл шаарынын мэриясында башкы бухгалтер кызматын аркалап келет.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук боюнча бир катар квалификациясын жогорулатуу курстарынан өткөн.

Последние новости