www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда жарым-жартылай аскердик мобилизация башталгандан кийин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы өзбек мигранттарына чет өлкөлүк армиянын катарында согушка катышуу үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы бар экенин эскертти.

Мекеменин билдирүүсүндө Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 154-беренесинин биринчи бөлүмүндө согуштук аракеттерге катышуу үчүн жалдангандарга беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганы белгиленген.

Аталган беренеде башка мамлекеттердин армиясында, коопсуздук кызматтарында, полициясында, аскердик юстициясында же башка органдарында кызмат өтөгөн Өзбекстандын жараны 300 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөп же үч жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендириле турганы жазылган. Эгер жаран аталган чет өлкөлүк түзүмдөргө жалданма болсо беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

"Мындан улам чет өлкөлөрдө жашаган өзбек жарандарын куралдуу күчтөрдүн катарына кошулбоого, аскердик аракеттерге катышпоого чакырабыз. Мындай аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган", – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

21-сентябрь күнү эртең менен Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыяланганын билдирген. Путиндин артынан эле мамлекеттик медиаларга маек курган Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты. Министр армияга негизинен запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырыларын, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн кошумчалады.

20-сентябрда Мамлекеттик дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин "мобилизация", "аскердик абал", "аскердик мезгил" деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, өз ыктыяры менен туткунга түшкөндөргө, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган. Анда бул мобилизацияга даярдык катары сыпатталган.

Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн аскердик эксперттер Владимир Путин армиянын алдына койгон максаттарга кошумча мобилизациясыз жетүү мүмкүн эмес экенин айтып келишкен. Кремль буга чейин бир нече жолу жалпы мобилизация жарыяланбай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости