www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Туллаев эвакуация болгон тургундарды азырынча үйлөрүнө кайтпай турууга чакырды.

Анын айтымында, учурда тажик тарап кол салып, талкаланган аймактарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Анын ичинде мектеп, бала бакчалар, элдин турак жайлары бар. Ошондой эле чек арага жакын аймактарда жарылбай калган ок-дары, мина, снаряд жана башка жардыргыч заттарды аныктоо, табуу жана зыянсыздандыруу иштери уланып жатканы айтылды.

Эске салсак, Баткенден жалпысынан 136 770 жаран эвакуацияланган. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 301 адам башка жерлерге убактылуу жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости