www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан жана Афганистан эки өлкөнүн жарандары үчүн чек ара өтмөгүнүн ишин кайра баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

2021-жылдан бери жабык болгон Амударья дарыясынын үстүндөгү Достук көпүрөсүндөгү чек ара көзөмөл пункттары кайрадан иштей баштады. Палата белгилегендей, түз кургактык байланыштын калыбына келиши эки тараптуу сапарларды жеңилдетип, экспортту өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Палата тактагандай, эки өлкөнүн жарандарына карата виза талаптары өз күчүндө калат. Өтмөктүн жабылышынан кийин Афганистанга ишкердик сапарлар кыйла татаалдаган: Айритомдон Мазари-Шарифке чейинки аралык болгону 75 чакырым болгонуна карабастан, ишкерлер Тажикстан аркылуу транзит менен барып, жолдо бир суткага чейин убакыт коротушкан.

Түз жолдун ачылышы өзбекстандык экспортерлор үчүн логистиканын ыңгайлуулугун жогорулатат. Соода-өнөр жай палатасынын баалоосу боюнча, 2026-жылы Афганистанга товар жеткирүү көлөмү 2,5 млрд долларга чейин көбөйүшү мүмкүн.

Афганистан рыногуна чыгуу үчүн мамлекеттик колдоо чаралары да каралган. Атап айтканда, ишкерлерге Хайратон жана Мазари-Шариф шаарларындагы кампаларды ижарага алуу чыгымдары толугу менен (100%) компенсацияланып, ошондой эле Афганистандын бардык аймактарында продукцияны жарнамалоого кеткен чыгымдар төлөнүп берилет.

Последние новости