www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эмгек жамаатка жана Ош облусунун активине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Аманкан Кенжебаевди тааныштырды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри, аппарат кызматкерлери, район акимдери, ошондой эле облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар катышты.
Данияр Амангелдиев өз сөзүндө аймактарда мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууда өкүлчүлүктүн маанилүү ролу бар экенин белгилеп, калк менен тыгыз иш алып баруу жана президенттин тапшырмаларын так аткаруу зарылдыгын баса белгилеп, бул жаатта Аманкан Кенжебаевдин тажрыйбасы бар экенин айтып, жаңы кызматында ийгилик каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө буга чейин Ош облусун башкарып келген Элчибек Жантаевди расмий узатуу аземи да өттү. Элчибек Жантаев кызматтык ишинде мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялап, райондорго үзгүлтүксүз чыгып, калк менен тыгыз байланышта болуп, социалдык жана инфраструктуралык маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурганы үчүн жогору бааланды.
Ошондой эле Жантаевге “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.