www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-ноябрда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Иран Ислам Республикасынын Президенти Ибрагим Раиси жолугушту.

Өзбекстан-Иран мамилелерин мындан ары чыңдоо, соода, инвестиция, инновация жана транспорт тармагында практикалык кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Эки тараптуу сооданын өсүшү уланып, экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуу долбоорлору ишке ашырылууда.

Буга чейин жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өнөр жайлык кооперация жана локализация, айыл чарба, логистика тармактарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

Өзбекстан менен Ирандын лидерлери маданий-гуманитардык жана илимий алакаларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле аймактык маселелер, анын ичинде Ооганстандагы азыркы кырдаал талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости