www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-сентябрда Ташкент шаардык соту Хорезмде жасалган педофилия боюнча иштерди кароону жандантты.

Хорезм облусунун Юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысына жана Янгиарык райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы жетекчисине каршы өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыш жасаганы үчүн кылмыш иштери козголгон. Иш кошумча иликтөө үчүн Хорезм облустук прокуратурасына жөнөтүлүп, бирок кошумча айып тагылган эмес.

Айыпталуучулардын адвокаттары Хорезмдеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары аткаминерлердин сексуалдык зордук көрсөткөнү тууралуу жалган көрсөтмө беришкенин айтууда.

Апелляциялык сот сексуалдык зомбулуктун белгилери бар деген аныктама чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Бул иштин чоо-жайы ачыкка чыккандан кийин Өзбекстандын Жогорку соту менен Башкы прокуратурасы айыпталуучулардын процессуалдык тарипте камакка алынганын билдиришкен.

Бирок Балдар үйүнүн жабырлануучулары маалымат жалган экенин айтып жатышат. Алардын билдиришинче, айыпталуучулар абакта бир күн да отурган эмес. Жабырлануучулар мамлекеттик мекемелер коомчулуктун оозун жабуу үчүн жалган маалыматтарды таратып жатат деп эсептешет.

Үргөнчтүн балдар үйүндөгү үч өспүрүм кыз аткаминерлердин кордугуна кабылганы эки жыл мурда эле билинген.

Үч өспүрүм кызды Хорезм облустук Юстиция башкармалыгынын жана облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчилери бери дегенде 10 ай бою зордукташкан.

Аткаминерлер кыздарды атайын батирге алып барса, кээде балдар үйүндө эле зордуктаган. Ал маалда кыздардын эң кичүүсү 15те болгон.

Биринчи инстанциядагы сот облустук Юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисин 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле.

Соттун чечими коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Өзбекстандын президентинин администрация башчысынын орун басары Комил Алламжонов педофилдерге химиялык бычуу түрүндөгү жазаны колдонуу боюнча өлкөнүн мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости