www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд мамлекеттик университетинин Каттакурган филиалынын  залында шыптын бетон плитасы кулап, алты студент кыз жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирет.

Gazeta.uz жазгандай, окуя 4-сентябрда эртең окуу жылынын башталышына арналган иш-чара өтүп жатканда болгон.

Учурда адистер курулуш иштеринин жана имараттын капиталдык ремонтунун сапатын иликтеп жатышат. Райондук прокуратура тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, имарат 2008-жылы пайдаланууга берилген. Ал башында мектеп болгон. 2021-жылы университеттин филиалы катары өзгөртүлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости